| | | | | | | | | |
        

Наши контакты
Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69
e-mail: admin@chygysh.kg

ЖАҢЫЛЫКТАР |1|


2018-жылдын 19-ноябрында Эл аралык Кувейт университетинин чоң жыйындар залында “Эл аралык студенттердин күнүнө” карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Аталган майрамдык кечени алгач Эл аралык Кувейт университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Ормушев Асан Сулайманович ачып, студенттерди майрамы менен куттуктап окууларына ийгилик каалады.

Аталган иш-чарада Эл аралык Кувейт университетинин стдуденттерине 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы менен “Окуунун мыктысы”, “Таланттуу студент”, “Үлгүлүү студент”, “Араб тилинин мыктысы”, “Кыргыз тилинин мыктысы”, “Орус тилинин мыктысы”, “Мыкты староста”, “Мыкты группа”, “Жатакананын үлгүлүү жашоочусу”, “Жылдын мыкты спорт чебери” аттуу номинациялары тапшырылды.....

Подробнее.....




2018-жылдын 16-ноябрында Эл аралык Кувейт университетинин Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев атындагы Журналистика жана коом менен байланыш кафедрасынын 3-курсунда окушкан Ж(б)-1-16 группасынын студенттери жана аталган кафедранын окутуучусу Баялиев Кубанычбек Шерикбаевичтин демилгеси менен Эл аралык Кувейт университетинин студенттерин Эл аралык студенттер күнү менен куттукташып “Эл аралык Кувейт университетинин студенттеринин каалоолорун профессордук-окутуучулар жамааты орундатат” аттуу атайын майрамдык флешмоб өткөрүштү........

Подробнее.....




2018-жылдын 16-ноябрында Эл аралык Кувейт университетинин Чоң жыйындар залында Студенттердин эл аралык күнүнүн урматына “Ыйман фондунун” төрагасы Нуржигит Кадырбековдун катышуусунда “Өзгөрүүнү өзүңдөн башта” аттуу атайын иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чара Эл аралык Кувейт университетинин балдар жана “Рахат” кыздар жатаканаларынын тарбиячыларынын демилгеси менен уюштурулду.......

Подробнее.....




Инсандык өнүгүү студенттик клубу уюштуруп жаткан "Бир жумага бир китеп" долбоору менен семинардын бул жолку 8-айланпасын Эл Аркалык Кувейт университетинде 2018-жылдын 10-ноябрында өткөрдү. Оюн өтө кызуу өтүп, жалпы 4 университеттен 17 студент катышты. Аталган иш-чаранын максаты болуп, жаштар арасында китеп окууну жайылтуу......

Подробнее.....




2018-жылдын 2-ноябрында Эл аралык Кувейт университетинин Студенттик Мажлисинин алдындагы «Жаштар ааламы» интеллектуалдык оюндарды уюштуруу клубунун жаңы окуу жылына карата Эл аралык Кувейт университетинин группалары арасында алгачкы тушоо кесүү интеллектуалдык оюну болуп өттү.....

Подробнее.....




Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Э.Ибраевдин 85 жылдыгына арналган эскерүү кечеси 2018-жылдын 31-октябрында Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинде болуп ѳттү.

Кечеге Жазуучулар Союзунун тѳрагасы А.Рыскулов, Кыргыз Тили коомунун Президенти Р.Курбанов, КРнын эл артисти, профессор Т.К.Жаманбаева, Ж.Садыковдун жубайы, акындын жубайы С.Абдрахманова, ага-тууган жакындары ....

Подробнее.....




Эл аралык Кувейт университетинин Эл аралык мамилелер жана коомдук дисциплиналар кафедрасынын II курсунун студенти Омурбекова Диана Грузиянын Батуми шаарында 23.09.2018-08.10.2018-ж болуп өткөн Дүйнөлүк шахмат олимпиадада I орунду багындырып алтын медалга ээ болду....

Подробнее.....




11-октябрь күнү Эл аралык Кувейт университетинин чоң жыйындар залында бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорун тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу кече Кыргыз Республикасынын жана Кувейт өлкөсүнүн Мамлекеттик Гимдери менен ачылып, алгачкы куттуктоо сөз Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор А.С.Ормушевге берилип, ал бүтүрүүчүлөргө бекем ден соолук, аманчылык жана даңгыр ак жол каалоо менен университетти артыкчылык менен бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорун тапшырды. ....

Подробнее.....




2018-жылдын 10-октябрында Эл аралык Кувейт университетинин жалпы жамааты "Мугалимдер күнүн" белгилешти. Эл аралык Кувейт университенинин профессордук-окутуучулар жамаатын кесиптик майрамы менен ЭКУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Сулайманович Ормушев куттуктап университеттин алдыңкы педагогдорун атайын акчалай сыйлыктары менен сыйлады.

Ошондой эле Эл аралык Кувейт университетинин ректору А.С.Ормушев Юриспруденция кафедрасынын профессору, ички иштер кызматынын полковниги Бобушев Рысбек Сейитказиевичти “Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлады....

Подробнее.....




8-октябрь күнү Эл аралык Кувейт университетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комииссиясынын Чүй облусу боюнча өкүлү Жумадыл Маматжанов жана укук бөлүмүнүн адиси Ислам Азимовдор менен жолугушуу болду.

Келген коноктор азыркы кездеги дин маселеси тууралуу чакан лекциясын окушту...

Подробнее.....




29-сентябрь күнү Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор А.С.Ормушев балдар жатаканасынын абалы менен таанышып чыкты.

Эл аралык Кувейт университетинин ректору менен бирге ЭКУнун окуу жана тарбия иштери боюнча биринчи проректору, профессор Д.Б.Бабаев, Илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор, профессор А.Э.Байсеркеев, тарбия иштер боюнча координатор, доцент А.Ш.Турдумамбетов, Административдик-чарба иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Н.М.Акылбековдор болушту....

Подробнее.....




25-сентябрда Эл аралык Кувейт университетинде мамлекеттик тил күнүнө карата “Эне тил тагдыры – эл тагдыры” аттуу салтанаттуу иш чара болуп өттү.

Иш чарага КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев келип катышып, университеттин окутуучуларын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Студенттер эне тил, кыргыз тили темасындагы ырларды көркөм окушту. "Манас" эпосунан үзүндүнү 3-курстун студенттери айтып беришти.

Подробнее.....




Эл аралык Кувейт университети 2018-2019-окуу жылына контракттык негизинде төмөнкү адистиктер боюнча аспирантурага кабыл алууну жарыялайт:
  • 1. 13.00.01 - “Жалпы педагогика, педагогиканын тарыхы жана жаралышы”;
  • 2. 13.00.02 - “Окутуунун жана тарбиялоонун усулдары жана теориясы” (окутуунун деңгээлдери жана тармактары боюнча);
  • 3. 13.00.08 - “Кесиптик билим берүүнүн усулдары жана теориясы”;
  • 4. 07.00.02 - “Ата-Мекен тарыхы”;
  • 5. 10.02.02 - “Салыштырма-тарыхый, типологиялык жана тиктештирме тил илими”;
  • 6. 23.00.02 - “Саясий институттар, процесстер жана технологиялар”;

Окуу күндүзгү (3 жыл) жана сырттан (4жыл) окуу түрүндө жүргүзүлөт.

Подробнее.....




Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов 2018-жылдын 28 сентябрында, тарых илимдердин доктору, профессор Асан Сулайманович Ормушевди Эл аралык Кувейт университетинин ректорлук кызматына шайланышы менен куттуктады.

Подробнее.....




24-май күнү биздин окуу жайыбызда «Карьера күнү» аттуу иш-чара болуп өттү.

Бул иш-чарада студенттер резюме толтуруунун чеберчиликтери менен кеңири таанышышты. Андан сырткары азыртадан баштап тажрыйба өтөө эң мыкты резюме түзүүгө шарт болоорун иштеп жүргөн студенттер келип айтып беришти.

Бир гана лексия өтүлбөстөн кызыктуу интеррактивдүү оюндар менен ойнолду...

Подробнее.....




22-май күнү Касым Тыныстанов атындагы китепканада Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин алдындагы Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн окуучулары Самсак Станалиев жана Сыймык Бейшекеев менен жолугушту. Самсак Станалиев жаңы жазып бүткөн «Ак жарыктын айыкпаган сырлары» аттуу китеби жөнүндө айтып берди. Ал китепте залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жөнүндө жазылган экен.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев алгачкы жолу Ч. Айтматов менен жолугуп, ал киши анын чыгармачылык ишине кандай таасир бергенин айтып берди.

Биздин окуучулар кызыгып жүргөн суроолоруна жооп алышып, кыргыз адабияты, Ч. Айтматов жана негизи эле акындык, жазуучулук өнөрдүн маанилүүлүгү жөнүндө жакшы маалымат алышты...

Подробнее.....




2018-жылдын 22-май күнү Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин эл аралык мамилелер жана коодмук дисциплиналар кафедрасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Чакан концерттик программанын алкагында ата мекен жана ата-эне жөнүндө ырлар аткарылып бий менен коштолду. Соңунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү катары Кызыл мак гүлү менен бирге майрамдык белектер тапшырылды. Андан соң кадырлуу ардагерлерибизди майрамдык даамдуу дасторкон үстүнө чакырышты...

Подробнее.....




“Манас болгонбу же жөн гана персонажбы?”

Бул суроого жооп алуу максатында уюштурулган жолугушуу кечеси болуп өттү. Жолугушууга коноктор, мугалимдер жана студенттер катышышты.

Колледждин студенттери тарабынан “Айкөл Манас” аттуу ыр ырдалып, бий бийленип кыргыз, араб, орус, дунган, англис тилдеринде Манасты сүйлөтүп, манасчылар келген конокторду таң калтырышты....

Подробнее.....




Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиясы 2018-жылдын 29-мартында № 060 Токтому менен Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети окумуштуу профессор, доцент, ага илимий кызматкер наамын берүү укугуна ээ болгон мекемелердин катарына кошулду...

Подробнее.....




15-май күнү Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде «Манас жаңырыгы» телерадио каналынын башкы директору, «Манас» изилдөөчүсү Токтогазиев Темирбек Шукурбекович менен жолугушуу болмокчу.

Жолугушууда «Манастын» миф эмес экендигин далилдеген фактылар, миф менен чындыкты салыштыруу жөнүндө маек болмокчу...

Подробнее.....




Журналистика кафедрасынын түптөлүшүнө жана калыптанышына Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси – Эсенгул Ибраев чоң салымын кошкон. 2005-жылдын 14-октябрында Чыгыш университетинин Окутуучулар кеңешинин чечими менен журналистика кафедрасына Эсенгул Ибраевдин аты ыйгарылган. Бүгүнкү күндө кафедра анын ысымын татыктуу алып жүрөт.

Жаштарыбыздын руханий байлыгын өстүрүү жана улуттук биримдикти чыңдоо максатында Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Э.Ибраевдин 85 жылдык мааракесине арналган “ЭЛ АКЫНЫ ЭСЕНГУЛ” аттуу орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасындагы Республикалык сынак өткөрүлдү...

Подробнее.....




12.04.2018-жылы Кесиптик орто билим берүү бөлүмү уюштурган «Миӊ кыял» фонду «Кийиз дүйнө – көчмөн руху» долбоорунун мүчөлөрү Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттери менен «Элечек ороо» көргөзмөсүн өткөрдү.

Бул көргөзмөдө студенттер жана окуу жайдын мугалимдери кыргыздын улуттук кийимдери тууралуу кызыктуу маалыматтарга ээ болушту....

Подробнее.....




2018-жылдын 5-апрелинде Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Ормушев Асан Сулаймановичтин « Кыргыз-Кувейт байланыштары» китебинин араб тилине которулган басылмасынын бет ачары болот.

Илимпоз-тарыхчынын араб тилине которулган китеби 1992-жылдан бүгүнкү күнгѳ чейин Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы саясий, экономикалык, илимий жана билим берүү багыттарындагы кызматташуусунун жүрүшү архивдеги тарыхый булактардын негизинде жазылган. Бул китептен окурман Кыргыз Республикасынын жана Кувейт мамлекетинин кыска тарыхын, маданиятын, саясий жана экономикалык абалы боюнча маалымат ала алат...

Подробнее.....




2018-жылдын 27-март күнү «Адам өмүрүнө кол салуу»- деген нуктада Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин «Юриспруденция» багыты боюнча окуган 4-курстун окуучулары тарабынан сот процесси өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын максаты бүтүрүүчү студенттер университетте алган билимин үйрөнгөн өнөрлөрүн көрсөтүү болду.....

Подробнее.....




Кыргыздардын каада-салттары, ырым-жырымдары негизи эле маданияты тууралуу онлайн тестибизден өтүп сонун белек жеңип алыңыз.

Ал үчүн төмөндөгү шилтеме боюнча өтүңүз. Бул конкурстун жыйынтыгы 20-мартта Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде өтө турчу «Көчмөн элдеринин орток мурасы-улуттарды биримдике чакыруу» аттуу этно иш-чарабызда жарыялап, белекти ээсине тартуу кылабыз. ....

Подробнее.....




Улуттук Кувейт Күнү

Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде 20-февраль күнү Кувейттин Улуттук Күнү белгиленди. Иш-чарага Казакстандагы Марокко падышачылыгынан, ЖК дан, КР Билим берүү министрлигинен, КР Маданият министрлигинен коноктор келип катышты.

Алгачкы болуп окуу жайдын ректору Ибраев Алмаз Орозакунович баардык катышуучуларды куттуктап, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети КРсы менен Кувейт өлкөсүнүн ортосунда эл аралык билим тармагындагы мамилелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө чоң салым кошконун жана келечекте дагы ушул багытта иш алып бараарын айтып кетти. Андан соң Зулпукаров Төрөбай Закировичке эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошкондугу үчүн ыраазычылык кат тартуулады....

Подробнее.....




2018-жылдын 9-январь күнү Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети Ак-Талаанын мектеп парламенттеринин президенттерин тосуп алды.

«Ак-Талаа Биримдиги» коомдук бирикмеси уюштурган «Ак-Талаалыктар ак үйдө» аттуу долбоорун Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети колдоп борбор калаабызга аттанган окуучуларды 2018-жылдын 9-январь күнү университеттен тосуп алды.

Окуучулар окуу жайдын имараттары, профессордук окутуучулар жамааты жана ишмердүүлүгү менен таанышышты. Аларга келечектеги кесиптерин тандоого бир топ кеңештерин берип, ар бир багыттыктар боюнча маалымат берилди....

Подробнее.....




2017-жылдын 22-декабрында Махуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин «Эл аралык мамилелер жана коомдук дисциплиналар» кафедрасы тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү.

Анын темасы: «Бүтүрүүчү-2018: эл аралык мамилелер тармагындагы адистерге коюлган шарт катары билим берүүдөгү компетенттүүлүк»

Тегерек столдун негизги максаты- бүгүнкү күндөгү ЖОЖдун бүтүрүүчүсү билиши керек болгон компетенция тармагындагы тажрыйбалар жана ойлор менен катышуучулар (жумуш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр) бөлүштү; окуу планында кандай дисциплиналар болушу керек; жумуш берүүчү жумушка алып жатканда бүтүрүүчүгө кандай талаптарды жана шарттарды коет...

Подробнее.....




Бүгүн 20-декабрда Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде «Донор бол!» аттуу кан берүү акциясы болуп өттү.

Ректор өзү үлгү болуп, кан тапшыруунун медициналык талаптарына жооп берген Чыгыш университетинин профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерди өз эрки менен кан тапшырууга чакырды.

Аталган иш-чара КРнын дарылоо уюмдарын донордук кан менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында уюштурулган. Бул кандар бүткүл өлкөбүздөгү канга муктаж болгон баардык жарандарыбызга акысыз жардам катары берилмекчи...

Подробнее.....




19-декабрда «Махмуд Кашгари-Барскани» атындагы чыгыш университетинде кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү менен бирге анын чыгармаларын терең изилдеп чыккан илим адамдары, достору келди. Конференциянын эң сыйлуу коногу Айтматова Роза Төрөкуловна болду.

Бул иш чаранын уюштуруучусу: «Махмуд Кашгари-Барскани» атындагы Чыгыш университети болду.

Конференцияны жогоруда айтылган университеттин ректору Ибраев Алмаз Орозакунович ачты...

Подробнее.....




8-декбарь 2017-жылы Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде Жаңыбаева Алтын Ишеновна куурма-чай жана калама жасоо боюнча мастер-класс өткөрдү. Ага 1-2-3-курстун студенттери жана үч проректор катышты.

Биз жасалышын гана эмес, куурма-чай жана калама жасала турчу продуктуларды көрдүк. Алтын эжебиз бул чай даярдала турчу идишти жана аны иче турган жыгачтан жасалган кооз формадагы чыныларын көрсөттү. Ошондой эле бул чайды кайсы учурда ичиш керек экендигин түшүндүрүп берди...

Подробнее.....




17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнѳ карата атайын салтанаттуу кече ѳттү.

Кечени университеттин ректору, профессор А.О. Ибраев ачып, студенттерге каалоо-тилектерин, насааттарын айтты. Конокто “Катар” фондунун мүдүрүнүн орун басары М.А. Нуралиев жана фонддун ѳкүлү Абделхак Азеруал болушту. ......

Подробнее.....




Чыгыш университетинде 10-ноябрь күнү кыргыздын сатирик акыны, драматург жана котормочу Мидин Алыбаевдин 100 жылдык юбилейине арналган адабий-музыкалуу кече болуп өттү.

Кечени Тилдер кафедрасынын ага окутуучулары А.Максутова, С.Сарыбаеванын жетекчилиги менен 2-курстун журналистика адистигинин студенттери даярдашты. ......

Подробнее.....




Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин «Журналистика жана коом менен байланыш» кафедрасынын 4-курсунун студенти Олжобай уулу Райымбек окууда, илимий-чыгармачылык жана коомдук иштерде өзгөчө айырмалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы жана Президенттик стипендияга татыктуу болду......

Подробнее.....




12.10.2017 күнү "Инсандык өнүгүү EU" студенттик клубу жылдын алгачкы семинарын өткөрдү.

Иш-чара Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинде аталган окуу жайдын ректору, профессор Алмаз Ибраевдин акыл- насаат, жеке тажрыйбасынан бөлүшүү менен башталып.....

Подробнее.....




Ушул жылдын 11-октябрында Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин чоң жыйындар залында «Мугалим күнүнө» арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

Өз кесибинде мыктыларды «Смарт дженерейшн» жана Чыгыш университетинин атынан Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйлашты.

Бул кечеде «Смарт дженерейшн» фондунун алдындагы Чыгыш университетинин, Давха-Бишкек, Давха-Сокулук жана Аль Фауз окуу мекемелеринин професордук-окутуучулар курамын жана кызматкерлерин.....

Подробнее.....




21-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде «Эне тил тагдыры, эл тагдыры» аттуу иш-чара саат13:00 чоң жыйындар залында өткѳрүлдү.

Бул кечеге Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетин ректору, профессор Ибраев Алмаз Орозакунович, профессордук-окуутуучулар курамы, атайын коноктор жана студенттер катышты. .....

Подробнее.....




19-сентябрь Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин чон жыйындар залында университеттин ректору, профессор Ибраев Алмаз Орозакунович менен университеттин жана колледжтин 1-курсунун студенттери менен жолугушуу өттү. Саламдашуудан соң студенттерге окууларында ийгилик жана 4жыл ичи сабырдуулукту каалап кетти.

Ушул 4 жылда пикирлерди угууга жана жолугууга даяр экенин белгиледи.....

Подробнее.....




Махмуд Кашгари-Барскани Чыгыш университеттин “Эл аралык мамилелер” факультетинин 1-курсунун МО-1-17 тобунун студенти Омурбекова Диана бул жылы Кыргыз Республикасынын аялдар арасында шахмат боюнча мелдеште эң жаш чемпион титулун алып, Кыргызстандын курама командасынын тутумунда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында 2017-жылдын 17-сентябрынан 27-сентябрына чейин өтүлүүчү V Азия оюндарына катышып биздин желекти коргоо укугуна ээ болду....

Подробнее.....




2017-2018 окуу жылынын 1- сентябрь - Билим күнүнө карата Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин 1- курсунун студенттери жана ОКББнун 1-курсунун студенттери менен жолугушуу ѳттү. Иш-чара 4-сентябрь 9:00до Чыгыш университетинин чон жыйындар залында саат ѳткѳрүлдү.

Подробнее.....




Чыгыш университетинин администрациясы, профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлер

24.01.2017

Чыгыш университетинин администрациясы, профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери Чүй областынын Сокулук районунун Дача Су айылындагы Боинг -747-400 жүк ташуучу самолетунун кыйроосунун негизинде жабыр тарткандардын атайын эсебине өз каалоолору менен бир күндүк маяналарын акчалай түрдө которушту.

Жабыр тарткандарга көӊүл айтуу менен туугандарына жана жакын адамдарына тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз.

Подробнее.....




Чыгыш университетинде 16-20- январда окутуучулар жана кызматкерлери үчүн «Дорожная карта к долгом у горизонту» темасында сессия тренинг болуп өттү.

20.01.2017

Чыгыш университетинде 16-20- январда окутуучулар жана кызматкерлери үчүн «Дорожная карта к долгом у горизонту» темасында сессия тренинг болуп өттү.
    Тренинг 3 бөлүктө өтүлүп, ар бир бөлүк өз ичине төмөнкүдөй сессияларга бөлүндү:

  • Сессия №1. Түшүнүү аппараты. Маалымат жана билим. 21-кылымдын өнүгүү платформасы. Билим күчү. Ар бир баскычтагы билим күчү, Өзгөрүүлөр, туруксуздуулук,эмнени тандоо керек? Жашоодогу жаӊчылдык
  • Сессия №2. Жеке жол картасын иштеп чыгуу. Баш тартуу жана жалгыздык, жагдайларды конструктивдүүлө. Адамдардын ттиптери жана «кванттык секирүү», узак жашоонун жол картасын түзүү.
  • Сессия №3. Кыргызстан элине 100 жылга алдыга кабар берүү.Кытай, Индия, Япония, Араб өлкөлөрүнүн мисалында. Кыргыз республикасынын негизги тренддери болгон Экономика. Экология, социумдары жана саясий абал.


Подробнее.....




Чыгыш университетинде 2017-жылдын 20- саммит болуп өттү: «Коомдук саясат» деген темада 9-11-класстардын катышуусу менен болуп өттү. .

20.01.2017

Чыгыш университетинде 2017-жылдын 20- саммит болуп өттү: «Коомдук саясат» деген темада 9-11-класстардын катышуусу менен болуп өттү. 75 окуучудан ашуун катышуучу болду.

Саммитти Чыгыш университетинин ректору А.О.Ибраев ачып, бардык катышуучуларды жылуу кабыл алуу менен аларга өткөрүлүп жаткан иш-чаранын ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалап кетти. ...

Подробнее.....




«Жетиген» журналынын жыл жыйынтыгынын негизинде Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин
ректору Ибраев Алмаз Орозакунович – «Жылдын мыкты ректору» деп аталды
.

27.12.2016

2016 -жылдын «Жетиген» журналынын жыл жыйынтыгынын негизинде Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору Ибраев Алмаз Орозакунович – «Жылдын мыкты ректору» деп аталды

«Жетиген» журналы мындан беш жыл мурун негизделген.Бул жылдар аралыгында журналдын алтымыш нускасы жарык көрдү.

2016-жылы журнал көптөгөн жетишкендиктерге ээ болду, анын ичинен, «Жетиген» журналы 12 нускасы кыргызча – орусча тилдеринде басылып чыккан. ...

Подробнее.....




23-декабрда 16-декабрда Махмуд Кашгари – Барскани атындагы чыгыш университетинде ЖОЖдор аралык математика боюнча болуп өткөн олимпиаданын жэыйынтыктары 23 – декабрда айтылды..

23.12.2016

23-декабрда 16-декабрда Махмуд Кашгари – Барскани атындагы чыгыш университетинде ЖОЖдор аралык математика боюнча болуп өткөн олимпиаданын жэыйынтыктары 23 – декабрда айтылды.

Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде 16-декабрда болуп өткөн Жогорку окуу жайлар арасындагы олимпиаданын жыйынтыгы 23-декабрда жарыяланды. Олимпиадада биздин студенттер менен биргеликте Ж.Баласагын атындагы КУУ жана И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери катышты...

Подробнее.....




23-декабрда Чыгыш университетинде «Междициплинарное образование через призму мультикультуризма» темасында студенттердин Пента - ЛИНГВА эл аралык конференциясы болуп өттү.

22.12.2016

23-декабрда Чыгыш университетинде «Междициплинарное образование через призму мультикультуризма» темасында студенттердин Пента - ЛИНГВА эл аралык конференциясы болуп өттү.

Бул конференцияга Кыргызстан Эл аралык университетинен, Эл аралык «Ата Түрк Ала-Тоо» университетинен, БААУ, «Манас» КТУ, БАЭУ, ОБСЕ академиясынан, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынан, Ж.Баласагын атындагы КУУдан, К.Карасаев атындагы БГУдан 145 студент катышты.

Подробнее.....



  |1|  |2|   |3|   |4|  |5|   |6|... 

© Copyright 2016, Международный Кувейтский Университет
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"