| | | | | | | | | |
        


Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

Улуттук Кувейт Күнү
21.02.2018


Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде 20-февраль күнү Кувейттин Улуттук Күнү белгиленди. Иш-чарага Казакстандагы Марокко падышачылыгынан, ЖК дан, КР Билим берүү министрлигинен, КР Маданият министрлигинен коноктор келип катышты.

Алгачкы болуп окуу жайдын ректору Ибраев Алмаз Орозакунович баардык катышуучуларды куттуктап, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети КРсы менен Кувейт өлкөсүнүн ортосунда эл аралык билим тармагындагы мамилелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө чоң салым кошконун жана келечекте дагы ушул багытта иш алып бараарын айтып кетти. Андан соң Зулпукаров Төрөбай Закировичке эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошкондугу үчүн ыраазычылык кат тартуулады.

    Куттуктап келген коноктор:
  • «Смарт Дженерейшн» Коомдук Фондунун президенти Хакам Арфан,
  • араб өлкөлөрү менен парламенттик достук группасынын жетекчиси Зулпукаров Т.З.,
  • Казакстандагы Марокко падышачылыгынын элчиси Абделжалил Собри болду.

  • Коноктор дагы Кувейт өлкөсү менен КРнын ортосундагы мамилелердин маанилүүлүгү жана тарыхы жөнүндө сүйлөштү.


Андан кийин даярдалган концерттик программа менен уланып улуттук бийлер аткарылып, сценкалар коюлуп, араб жана кыргыз тилинде обондор созулду. «Эң мыкты дубал гезит», «Эң мыкты автордук ыр», «Эң мыкты араб каллиграфиясы» боюнча конкурстардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чара Чыгыш университетинде «Смарт Дженерейшн» Коомдук Фондунун колдоосу менен өткөрүлдү. Бул коомдук фонд Чыгыш университетинин жана «Давха-Сокулук», «Давха-Бишкек» окутуу комплекстеринин өнүгүшүн камсыздап келет.

25-февраль мамлекеттик Кувейт күнү болуп белгиленип келет жана Кувейт өлкөсүнүн маанилүү улуттук майрамдарынын бири болуп саналат. Себеби, бул күнү 1961-жылы британ протекторатынан көз карандысыз Кувейт өлкөсү пайда болгон жана Абдаллы ас-Салем ас-Сабах Кувейттин эмири аталган.
































Назад...


© Copyright 2016, Восточный университет им. Махмуда Кашгари-Барскани
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"