| | | | | | | | | |
        


Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

2018-жылдын 9-январь күнү Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети
Ак-Талаанын мектеп парламенттеринин президенттерин тосуп алды.

09.01.2018


2018-жылдын 9-январь күнү Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети Ак-Талаанын мектеп парламенттеринин президенттерин тосуп алды.

«Ак-Талаа Биримдиги» коомдук бирикмеси уюштурган «Ак-Талаалыктар ак үйдө» аттуу долбоорун Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети колдоп борбор калаабызга аттанган окуучуларды 2018-жылдын 9-январь күнү университеттен тосуп алды.

Окуучулар окуу жайдын имараттары, профессордук окутуучулар жамааты жана ишмердүүлүгү менен таанышышты. Аларга келечектеги кесиптерин тандоого бир топ кеңештерин берип, ар бир багыттыктар боюнча маалымат берилди. Ошондой эле Чыгыш университети алыстан жол арбытып келген окуучуларга сый тамак уюштурушту.

Аталган долбоор алыскы Ак-Талаа районунун окуучуларынын дүйнө таанымын кеңейтүү, мекенчилдик сезимин ойготуу, келечектеги кесибин тандоого көмөк көрсөтүү максатында болуп жаткандыктан Чыгыш университети ар дайым мындай долбоорлорду четте калбастан колдоп келээрин билгизет.

Бул күнү конок болуп келген Ак-Талаа районуна караштуу 18 жалпы билим берүүчү орто мектептеринде 10-11-класста эң мыкты окуп жаткан окуучулар жана мектеп парламенттеринин президенттери болушту.













Назад...


© Copyright 2016, Восточный университет им. Махмуда Кашгари-Барскани
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"