| | | | | | | | | |
        


Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

“Айтматовдун ааламы”
19.12.2017


19-декабрда «Махмуд Кашгари-Барскани» атындагы чыгыш университетинде кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү менен бирге анын чыгармаларын терең изилдеп чыккан илим адамдары, достору келди. Конференциянын эң сыйлуу коногу Айтматова Роза Төрөкуловна болду.

Бул иш чаранын уюштуруучусу: «Махмуд Кашгари-Барскани» атындагы Чыгыш университети болду. Конференцияны жогоруда айтылган университеттин ректору Ибраев Алмаз Орозакунович ачты.

Андан кийин «Чыңгыз Айтматовдун жылдызы, дүйнөлүк адабияттын чокусунда» аттуу пленардык жыйынды Роза Айтматова ачып берип, туулган жери Шекер айылы жөнүндө айтып берди.

Кыргыз Республикасындагы билим берүү боюнча Түркия өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Реджеп Сула Чыңгыз Айтматовду бүтүн Түркия эли жакшы көрүп аябай сыйлаарын жана анын чыгармаларын азыр дагы окушарын айтты.

КР өкмөтүнүн экс-премьер-министр Муралиев Амангелди Мурсадыкович Айтматовго арнап жазган ырын окуп берди. Ошондой эле анын чыгармаларында кыргыздардын ошол кездеги жашоосундагы социалдык, экономикалык көйгөйлөрүн эң мыкты чагылдырылганын баса белгиледи.

Кыргыз акыны, прозаик, тележурналист Мамазаирова Менди жаш кезинде чет өлкөлүк адамдар менен таанышканда кыргызмын десең тааныбай, Жамийла десең таанычуу. Айтматов кыргызды чыгармасы менен дүйнөгө таанытты деп залкар жазуучубузду даңктады.

Кыргызстандагы эл аралык университеттин президенти Айдаралиев Асылбек менен ЮНЕСКОнун ишмердүүлүгү боюнча КР улуттук комиссиясынын башкы секретары Солтонгелдиева Сабира пленардык жыйынды жабышты.

Бул конференция үч секцияга бөлүндү. Биринчи секция: “Ч.Айтматовдун ойлонуусунун философиясы, космизми жана планетардуулугу”
Бул секцияда: маданиятчы, “Төлөмүш Океев” Коомдук фондунун жетекчиси Азиза Океева сүйлөдү. Айтматов тартылган видеону конференциянын катышуучуларына тартуулады. Бул видеонун өзгөчөлүгү аны буга чейин эч ким көрө элек болчу экен.

Казакстандын Павлодар шаарында жайгашкан Инновациялык Евразиялык университетинин маркетинг боюнча проректору, филология илимдеринин доктору, профессор Амангелди Бейсембаев Казакстандан келген конок болуп ал дагы сөз сүйлөдү.
Доклад жасагандар: Александр Шепеленко, Алтын Асанова, Андрей Ли, Мурат Суюнбаев, Анвар Бугазов, Чолпон Алиевалар болду.

Биринчи секциядан кийин катышуучулар университеттин дасторконунан тамактанышты.

Экинчи секция: “Ч.Айтматовдун тилинин эпикалылыгы, мифологиялуулугу жана поэтикалуулугу”
Доклад жасагандар: Аскар Какеев, Гүльчехра Токтосунова, Разия Сырдыбаева, Бообек уулу Болот, Тамара Алымбаева, Дина Абдыкеримова, Нурзада Алтыкеева, Гүльмиза Сейталиева, Абделразик Шехаата, Чолпон Алиевалар болду.

Үчүнчү секция: “Маңкуртташуунун жана глобалдашуу шартында массалык тоталдык маданияттын коркунучу”
Доклад жасагандар: Дамира Осмоналиева, Калыс Ишимканов, Олег Бондаренко, Асилбек уулу Иманбек, Рита Салморбековалар болду. Конференциянын катышуучулары илим адамдары жана студенттер болуп 200 гө жакын киши болду.

Иш-чара «Махмуд Кашгари-Барскани» атындагы чыгыш университетинде болду. Жалпысынын бул конференцияга 200 гө жакын адам катышып, студенттер практикалык пайдалуу маалыматтарды алышты. Катышуучулардын баардыгына сертификаттар берилип иш-чара саат: 16:30 аяктады.













Назад...


© Copyright 2016, Восточный университет им. Махмуда Кашгари-Барскани
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"