| | | | | | | | | |
        


Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

Донор бол!
20.12.2017


Бүгүн 20-декабрда Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде «Донор бол!» аттуу кан берүү акциясы болуп өттү.

Ректор өзү үлгү болуп, кан тапшыруунун медициналык талаптарына жооп берген Чыгыш университетинин профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерди өз эрки менен кан тапшырууга чакырды.

Аталган иш-чара КРнын дарылоо уюмдарын донордук кан менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында уюштурулган. Бул кандар бүткүл өлкөбүздөгү канга муктаж болгон баардык жарандарыбызга акысыз жардам катары берилмекчи. Донорлорго эки күн жумуштан же окуудан бошотулган справка жана компенсация катары тамактануу үчүн 100 сом берилди.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык кан борборунун кызматкерлери кан тапшырууда Чыгыш университетинин профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттердин өтө активдүүлүгүн белгилешти.

Бул акция 21-декабрь күнү дагы өтмөкчү.









Назад...


© Copyright 2016, Восточный университет им. Махмуда Кашгари-Барскани
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"