| | | | | | | | | |
        


Наши контакты
Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69
e-mail: info@chygysh.kg

19-сентябрь Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин чон жыйындар залында
19.09.2017



19-сентябрь Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин чон жыйындар залында университеттин ректору, профессор Ибраев Алмаз Орозакунович менен университеттин жана колледжтин 1-курсунун студенттери менен жолугушуу өттү.

Саламдашуудан соң студенттерге окууларында ийгилик жана 4жыл ичи сабырдуулукту каалап кетти. Ушул 4 жылда пикирлерди угууга жана жолугууга даяр экенин белгиледи. Окууда мыкты болуу менен бирге университеттин иш-чараларына активдүү катышууга чакырды. Өзгөнү сыйлоо өзүңдү сыйлоодон башталат, демек тартип жана убакытка так болуу бул ийгиликтүү окуунун шарттарынын бири. Биздин университетте адепсиздик, кайдыгерлик жана паракорлука жол берилбейт жана мындай көрүнүштөрдү университеттин сыртында жасабоого да чакырды.

«Педагогика» багыты боюнча бүткөн студенттерге эки диплом берилерин сүйүнчүлөп, биринчиси Чыгыш университетинин жана экинчиси Кастамона университетинин диплому. Жолугушуунун соңунда Алмаз Орозакунович студенттердин суроолоруна жооп берди. Суроолор кошумча араб тили курстары, жатакана тууралуу жана кытай тили курстары берилди.

Колледжтин студенти ректорго ыраазычылык билдирип, аудиториялардын ыңгайлуулугу, тазалыгы жана окутуучулар сабактарды жакшы деңгээлде, кесипкөйлүк менен өтүп жатканын баса белгиледи. Студенттер мугалимдердин ишеничин актоого жана келечекте кесипкөй адис болуп, кыргыз элине кызмат кылуу менен Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошоорун ниет кылды.

Тазалыкты сактоо, университеттин мүлктөрүн абайлап колдонуу жана коопсуздук эрежелерин так сактоону Чарба иштери боюнча проректор Исраилова З.А. эскертип кетти. Илимий иштери боюнча проректор Галушкина Е.А. окуу процесии жана модул-экзамендер жөнүндө түшүндүрмө берди.

Чыгыш университетинин жана колледжтин 1-курстун студенттерине окууларына ийгилик каалап, ар тараптан өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө жардам беребиз.




Назад...


© Copyright 2016, Восточный университет им. Махмуда Кашгари-Барскани
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"