| | | | | | | | | |
        


Наши контакты
Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69
e-mail: info@chygysh.kg

“Кусеин Карасаев - XX кылымдын Махмуд Кашгариси” – эл аралык илимий-практикалык конференция
22.12.2016


22-декабрда Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде, кыргыз тили илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири, 1 даражадагы “Манас” орденинин ээси, илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын илимине жана техникасына эмгек сиңирген ишмер Кусеин Карасаевдин 115 жылдыгына карата «Кусеин Карасаев - XX кылымдын Махмуд Кашгариси» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш чараны Чыгыш университетинин ректору А.О. Ибраев ачып, конференциянын ийгиликтүү өтүшун каалады. Кусеин Карасаев кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына, анын ичине кыргыз тилинин орфографиясына кошкон чоң салымын белгиледи.

Конференция “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен жана К.Карасаев жөнүндө кыскаметраждуу фильм көрсөтүү менен башталды. Иш чаранын ардактуу коногу – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Эсенкулов Нурмамат Жокенович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин орун басары С.Ш.Жээнбековдун атынан конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөз сүйлөдү.

    Конференциянын мындан башка ардактуу коноктору болуп:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жооптуу катчысы – Таджиматов Санжарбек Камбарович;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрагасы - Молдобекова Гулкан Сакиновна.


    Төмөнкү баяндамалар угулду:

  • 1.«Кусеин Карасаев –улуу окумуштуу» - Какеев Аскар Чукутаевич, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университетинин профессору, философия илимдеринин доктору.
  • 2.«Кусеин Карасаев –биринчи окумуштуу - лингвист» - Мусаев Сыртбай Жолдошевич, КРнын УИАнын корреспондент-мүчөсү, И.Арабаев атындагы КМУнун лингвистика институтунун директору.
  • 3.«Кусеин Карасаев – кыргыз орфографиясынын негиздөөчүсү» - Биялиев Абак Биялиевич, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору.
  • 4.«Великие люди Кыргызстана в воспоминаниях Кусеина Карасаева» - Ишемкулов Тилектеш Ишемкулович, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин профессору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
  • 5.«Манас» эпосу жана Кусеин Карасаев - Касманбетова Гулнара Сапарбековна, Би-Би-Си (Лондон) кызматынын башкы продюссери.
  • 6.«Кусеин Карасаев – биринчи кыргыз арабисти» - Шехата Абдурозик Абу Шуша (Египет), профессор.
  • 7.«Кусеин Карасаевдин педагогикалык ишмердүүлүгү» - Каниметов Жангороз Каниметович, педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору
  • 8.«Кусеин Карасаев жана кыргыз лексикологиясы» - Исмаилова Даражан Намазовна, филология илимдеринин кандидаты, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университетинин кыргыз филологиясы жана манастаануу факультетинин доценти.


Жыйынтыгында медицина илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык билим берүү академиясынын академиги Карасаева Алтынай Кусеиновна конференциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына ыраазычылык билдирип сөз сүйлөдү.














Назад...


© Copyright 2016, Восточный университет им. Махмуда Кашгари-Барскани
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"