| | | | | | | | | |
        


Наши контакты
Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69
e-mail: info@chygysh.kg

18-декабрь - Араб тилинин бүткүл дүйнөлүк күнү
19.12.2016


2016-жылдын 12-декабрынан 16-декабрына чейин Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин араб тили жана лингвистика кафедрасы 18-декабрь - Араб тилинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата араб тили жумалыгын өткөрдү. Бул күн араб тилин 1973-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын жана анын башкы комитеттеринин официалдуу жана жумушчу тилдеринин катарына киргизүү жөнүндөгү чечими менен бекитилген.

    Жума ичинде Чыгыш университетинин бардык курстарынын жана адистиктеринин студенттери тарабынан төмөнкүдөй ар түрдүү конкурстар жана иш чаралар өткөрүлдү:

  • Араб тилинин ролу жана баалуулуга жөнүндо дубал газеталар
  • Араб поэзиясынан көркөм окуу
  • Араб тилинде сценкалар
  • Араб тилинде ырлар
  • Араб тилинин каллиграфиясы
  • Араб поэзиясынын сынагы
  • Араб тилинде эң мыкты баяндама сынагы


Бул иш чаранын максаты тилдин дүйнөдөгү ролун жана студенттердин ой жүгүртүүлөрүн, студенттердин тилди үйрөнүүгө позитивдүү жана таанып билүүчүлүк кызыгуусун тарбиялоо, ошондой эле аны практикалык кепте иш жүзүнө ашырууга аракет кылуу.

Араб тилинин жумалыгына арналган эң негизги жана жыйынтыктоочу иш чара 20-декабрда Чыгыш университетинин Чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Иш чараны Чыгыш университетинин ректору А.О.Ибраев ачты. Ал араб тилинин дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн арасында популярдуулугу жөнүндө жана араб тилин үйрөнүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ректор Чыгыш университети араб тилин үйрөтүү боюнча билим берүү мекемелеринин арасында флагман катары бул багытта потенциалды өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле чакырылган коноктор араб тилин үйрөтүү боюнча өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүшүп жана койгон милдеттеринин жетишкендиктери үчүн анын зарылдыгы жөнүндө сүйлөдү.

Иш чарада театрлаштырылган сценкалар көрсөтүлүп, студенттердин юмордук чыгармалары, ырлары аткарылды. Иш чара Чыгыш университетинин мыкты окутуучуларына жана студенттерине белектерди жана сертификаттарды тапшыруу менен аяктады.










Назад...


© Copyright 2016, Восточный университет им. Махмуда Кашгари-Барскани
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"