| | | | | | | | | |
        


Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

Самсак Станалиев жаңы жазып бүткөн «Ак жарыктын айыкпаган сырлары» аттуу китеби жөнүндө айтып берди.
22.05.2018

22-май күнү Касым Тыныстанов атындагы китепканада Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин алдындагы Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн окуучулары Самсак Станалиев жана Сыймык Бейшекеев менен жолугушту. Самсак Станалиев жаңы жазып бүткөн «Ак жарыктын айыкпаган сырлары» аттуу китеби жөнүндө айтып берди. Ал китепте залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жөнүндө жазылган экен.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев алгачкы жолу Ч. Айтматов менен жолугуп, ал киши анын чыгармачылык ишине кандай таасир бергенин айтып берди.

Биздин окуучулар кызыгып жүргөн суроолоруна жооп алышып, кыргыз адабияты, Ч. Айтматов жана негизи эле акындык, жазуучулук өнөрдүн маанилүүлүгү жөнүндө жакшы маалымат алышты.

Самсак Станалиев бир нече поэтикалык жыйнактын автору. Алгачкы ырлар китеби 1982-жылы «Сүйүнчү» деген ат менен жарык көргөн. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп жарыяланган.

С. Станалиев В.Ф.Одоевскийдин, О.Н.Тихомировдун ж.б. китептерин кыргыз тилине которгон.

Жазма адабиятыбыздын жаралыш, калыптаныш мезгилине байланышкан, ошондой эле С.Карачев, К.Тыныстанов, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, Т.Сыдыкбеков ж.б. өмүр жолу чыгармачылыгын, учурдагы адабий турмушту изилдеген 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору.

«Токтогул району» (2005), «Бул эмне, ал ким?» (1987, 2004) аталыштагы балдар энциклопедиясынын жергиликтүү материалдарынын авторлорунун бири. 1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.







Назад...


© Copyright 2016, Восточный университет им. Махмуда Кашгари-Барскани
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"