| | | | | | | | | |
        


Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады
22.05.2018

2018-жылдын 22-май күнү Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин эл аралык мамилелер жана коодмук дисциплиналар кафедрасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Чакан концерттик программанын алкагында ата мекен жана ата-эне жөнүндө ырлар аткарылып бий менен коштолду. Соңунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү катары Кызыл мак гүлү менен бирге майрамдык белектер тапшырылды. Андан соң кадырлуу ардагерлерибизди майрамдык даамдуу дасторкон үстүнө чакырышты.

Улуу Ата Мекендик согуш – 1941–45-жылы совет элинин фашисттик Германияга жана анын союздаштарына (Италия, Венгрия, Румыния, Финляндия, Япония) каршы Ата Мекенинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн адилеттүү күрөшү.

Улуу Ата Мекендик согуш дүйнөлүк 2-согуштун (1939–45) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Бул согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон.










Назад...


© Copyright 2016, Восточный университет им. Махмуда Кашгари-Барскани
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"